Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Бишкек шаарындагы патрулдук милиция кызматкерлери пара алуу боюнча шектелүүдө.

Бишкекте патрулдук милиция кызматкерлерине каршы кылмыш иши козголду. Алар 2025-жылдын февраль айында баңги зат колдонгон айдоочудан пара талап кылып, мыйзамсыз аракеттерге барганы аныкталды.

🇰🇬 Бишкек шаарында Патрулдук милиция кызматкерлерине каршы кылмыш иши козголду.

🔍 15-февраль 2025-жылы милиция кызматкерлери баңгизат колдонгон айдоочуну кармап, мыйзамда каралган чараларды көргөн эмес. Алар айдоочудан пара талап кылышкан.

💸 Пара катары 34 миң сом алынып, анын бир бөлүгү инспекторлордун биринин жеке банк эсебине которулган.

🚔 Эки күндөн кийин ошол эле айдоочу Чүй облусунда мас абалында кайра кармалган. Бул жолу анын унаасы айып унаа токтотуучу жайга коюлган.

⚖️ Бул факт боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мыйзамсыз аракеттер үчүн пара алуу беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

🔎 Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.