Бишкек шаарынын «Жениш» СДЮШОРу IX эл аралык «Жемчужина Кыргызстана» турниринде биринчи орунду камсыз кылды. Турнирге 300 спортчу катышты. 🏆 Ысык-Көлдүн жээгинде 12-июндан 14-июнга чейин IX Эл аралык спорттук турнир «Кыргызстандын бермети» өткөрүлдү. 🤼 Турнирге Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан келген 300гө жакын спортчу катышты. 🥇 Жалпы командалык эсепте Бишкек шаарынын «Жеңиш» атындагы Олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби биринчи орунду ээледи. 🥈 Экинчи орунду Ысык-Көл облустук каратэ-до федерациясы алды. 🥉 Үчүнчү орун Бишкек шаарындагы Шотокан каратэ-до федерациясына ыйгарылды. 📅 Бул турнир Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги тарабынан уюштурулду.
IX Эл аралык спорттук оюндар “Кыргызстандын бермети” Ысык-Көлдө өттү
17 июня 202517 июн 2025
~1 мин