Блейз Метревели, 47 жаштагы британдык MI6 чалгындоо кызматынын жаңы жетекчиси болуп дайындалды. Ал MI6тын 116 жылдык тарыхында биринчи аял жетекчи болуп калды.
🇬🇧 Улуу Британиянын тышкы чалгындоо кызматы MI6нин жетекчиси болуп, анын 116 жылдык тарыхында биринчи жолу аял дайындалды. 47 жаштагы Блейз Метревели бул кызматка ушул күздө киришет.
🕵️♀️ Метревели 1999-жылы Кембрижде студент болуп жүргөндө чалгындоо кызматына кирген. Учурда ал MI6нин технология жана инновация бөлүмүн жетектейт.
🌍 Блейз Метревели карьерасынын көпчүлүк бөлүгүн Жакынкы Чыгыш жана Европада өткөргөн. Анын грузин тамыры бар.
🔍 MI6 чет өлкөлөрдөн маалымат чогултуу, душман мамлекеттерге каршы аракеттерди жүргүзүү жана терроризм менен күрөшүү менен алектенет.
📢 MI6нин жетекчиси катары Метревели Ричард Мурдун ордуна келет жана анын чыныгы аты ачыкка чыгарылган жалгыз кызматкер болот.