Бишкек, 27.06.25. /Кабар/. Алматыдан Ысык-Көл эл аралык аэропортуна жаңы каттам ачылып, "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясынын биринчи рейси учуп келди. Каттам жайкы сезондо аптасына эки жолу аткарылат. Билет баасы: 6 000 сомдон башталат. 🌍 Алматыдан Ысык-Көлгө жаңы аба каттамы ачылды. ✈️ «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы Алматыдан Ысык-Көлдөгү (Тамчы) эл аралык аэропортко жаңы каттамын баштады. 🤝 Каттамдар «Компас Казахстан» туроператору менен кызматташтыкта уюштурулуп, жумасына эки жолу – дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат. 💸 Билеттердин баасы 6 000 сомдон башталат, бул болсо казакстандык туристтерге Ысык-Көлдүн кооз жээгинде эс алуу үчүн ыңгайлуу жана тез жол ачат. 🏖️ Жаңы каттам жайкы сезон бою иштей тургандыгы менен туристтерге кошумча мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.