Кыргыз Жангак долбоору Кыргызстандын жапайы жаңгактарын улуттук бренд катары илгерилетүү максатын көздөйт. Бул долбоор жаңгактын уникалдуулугун таанып, анын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет жана жергиликтүү жамааттарды, анын ичинде аялдарды, өндүрүшкө тартууга багытталган. 🌰 Кыргызстанда “Кыргыз Жангак” улуттук бренди менен жапайы жаңгакты алдыга жылдыруу боюнча долбоордун алкагында техникалык жумушчу топтун алгачкы жыйыны өттү. 🤝 Бул демилге БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун колдоосу менен “Бир өлкө — бир артыкчылыктуу продукт” глобалдык программасынын алкагында ишке ашырылууда. 📊 Долбоордун негизги максаттары: кыргыз жапайы жаңгакты алдыга жылдыруу үчүн маркетинг стратегиясын иштеп чыгуу, “Арстанбапский дикий орех” географиялык көрсөтмөсү менен бренд стратегиясын жана визуалдык айдентиканы түзүү, экологиялык таңгактоо жана санариптик платформаны иштеп чыгуу, жана кыргыз жаңгактары жөнүндө мыйзам долбоорун даярдоо. 🔍 Кыргызпатент өкүлдөрү “Кыргыз Жангак” брендин улутту
Кыргызстан «Кыргыз Жангак» бренди менен жапайы грек жаңгагын илгерилетүүдө
27 июня 202527 июн 2025
1 мин