Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Айбек Жунушалиев жашыл аймактарды сугарууну жана ирригацияны калыбына келтирүүнү күчөтүүнү тапшырды

Бишкекте жашыл аймактарды сугаруу үчүн 47 техника күн сайын иштеп жатат. Мэр Айбек Джунушалиев полив иштерин күчөтүп, ирригация системасын калыбына келтирүүнү тапшырды. 🌿 Бишкекте жашыл аймактарды сугаруу күн сайын кечки саат 19:00дөн түнкү 24:00гө чейин жүргүзүлөт. Бул иштерди аткаруу үчүн муниципалдык ишканалардын 47 атайын техникасы чыгат. 🚛 Өткөн жылы 2024-жылы сугат иштерине 20 техника тартылган болсо, быйыл автопарк жаңылангандыктан бул сан көбөйдү. 👨‍💼 Шаар башчысы Айбек Жунушалиев жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып, өзгөчө парктарда сугаруу иштерин күчөтүү тапшырмасын берди. ⚠️ Сугат иштерин уюштуруудагы кемчиликтерди аныктоо менен «Бишкекзеленстрой» муниципалдык ишканасынын директоруна сөгүш жарыяланды. Мастерлердин ишин анализдеп, бардык кемчиликтерди жоюу жана көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды. 💧 Ошондой эле, ирригациялык системаны калыбына келтирүү иштерин тездетүү боюнча тапшырма берилди. Ар бир районго ирригациялык системаны, тротуарларды жана ички жолдорду калыбына к

Бишкекте жашыл аймактарды сугаруу үчүн 47 техника күн сайын иштеп жатат. Мэр Айбек Джунушалиев полив иштерин күчөтүп, ирригация системасын калыбына келтирүүнү тапшырды.

🌿 Бишкекте жашыл аймактарды сугаруу күн сайын кечки саат 19:00дөн түнкү 24:00гө чейин жүргүзүлөт. Бул иштерди аткаруу үчүн муниципалдык ишканалардын 47 атайын техникасы чыгат.

🚛 Өткөн жылы 2024-жылы сугат иштерине 20 техника тартылган болсо, быйыл автопарк жаңылангандыктан бул сан көбөйдү.

👨‍💼 Шаар башчысы Айбек Жунушалиев жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып, өзгөчө парктарда сугаруу иштерин күчөтүү тапшырмасын берди.

⚠️ Сугат иштерин уюштуруудагы кемчиликтерди аныктоо менен «Бишкекзеленстрой» муниципалдык ишканасынын директоруна сөгүш жарыяланды. Мастерлердин ишин анализдеп, бардык кемчиликтерди жоюу жана көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.

💧 Ошондой эле, ирригациялык системаны калыбына келтирүү иштерин тездетүү боюнча тапшырма берилди. Ар бир районго ирригациялык системаны, тротуарларды жана ички жолдорду калыбына келтирүүгө 150 млн сомдон бөлүндү.