Бишкек шаарында жаңы көчө жарыктандыруу иштери уланууда. «Бишкексвет» 60 заманбап чырак орнотуп, 19 металл мамыча жана кабель жайгаштырды. Буга чейин жарыгы жок көчөлөр жарыктандырылууда. 🌆 Бишкек шаарында жаңы көчө жарыктандырууну орнотуу иштери уланууда. 💡 “Бишкексвет” муниципалдык ишканасы 7-кичирайондогу “7 Апрель” мечитинин жанындагы көчөгө жаңы жарыктарды орнотту. 🔧 Юнусалиев көчөсүндө, Горький көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки тротуарга жарык берүү системасын орнотуу иштери жүрүп жатат. ✨ Долбоордун алкагында 60 заманбап чырак, 19 металл устун орнотулуп, тармактын ишенимдүү иштеши үчүн кабель тартылды. 🌃 Бул көчөлөр мурда жарыксыз калган болчу. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы боюнча “Бишкексвет” ишканасы ар аптада жок дегенде бир көчөнү жарыктандырууну пландаштырууда.