Жогорку Кеңештин жаңы курамында бир жыныстагы депутаттардын саны 60тан ашпайт. Бул норма аялдардын мыйзам чыгаруу ишине активдүү катышуусун камсыз кылууга багытталган. 30дан кем эмес мандат бир жыныска берилет, ал эми шайлоодо бир жыныстагы талапкерлер гана болсо, шайлоо өтпөйт. 🤝 Жогорку Кенештин жаңы курамында бир жыныстагы депутаттардын саны 60тан ашпайт. Бул норма президент жана Жогорку Кенеш депутаттарын шайлоо боюнча Конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр менен бекитилди. 👥 Кыргызстанда шайлоочулардын 52% аялдар түзөт. Бул норма аялдардын мыйзам чыгаруу ишине катышуусун камсыздоо максатында киргизилген. Жергиликтүү округда эң көп добуш алган үч эркек болсо, алгачкы экөө депутат болуп шайланат, ал эми үчүнчү мандат аялдар арасында эң көп добуш алган талапкерге берилет. 🔄 Бул эрежелер эркектерге да тиешелүү. Эгерде округда алгачкы үч орунду аялдар ээлесе, ошого жараша иш алып барылат. Округда бир жыныстагы талапкерлер гана катталса, шайлоо болбойт. 📊 Эгерде Жогорку Кен
Жаңы шайлоо модели: Жогорку Кеңеште гендердик балансты сактоо жолдору тууралуу БШК башчысы айтып берди
11 июня 202511 июн 2025
~1 мин