Бишкекте 14-июнда салттуу Night Run түнкү чуркоо өтөт. 25 өлкөдөн 3 миңдей чуркоочу катышат. Жарыш Жайыл Баатыр көчөсү боюнча өтөт. Дистанциялар 5 км жана 10 км. 🏃♂️ Бишкекте 14-июнда салттуу Night Run түнкү жарышы өтөт. 🌍 Бешинчи жыл катары менен өткөрүлүп жаткан бул иш-чарага 25 өлкөдөн 3 миңге жакын чуркоочулар катышат. 📍 Жарыш маршруту Жайыл Баатыр көчөсүнүн бир тарабында (Түштүк магистраль) Шералиев көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин чыгыш багытында өтөт. 🏁 Старт жана финиш чекити – “Газпром детям” спорттук комплекси. 📏 Чуркоо аралыктары 5 км жана 10 км болуп саналат. ⏰ Иш-чара 19:30дан 23:30га чейин өткөрүлөт. 🚧 20:30дан 23:00гө чейин бул аймакта автотранспорт каражаттары үчүн кыймыл убактылуу токтотулат.