Ош шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу башталып, ал 850 тонна таштандыны күнүнө иштетип, 30 мВт саат электр энергиясын өндүрөт. Жалпы инвестиция $95 млн. 🌱 Оштун мэриясы шаарда таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушуна капсула салды. Бул иш-чарага мэр Женишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана «Хунань Цзюньсинь Хуаньбао» ЖЧКсынын директорлор кеңешинин төрагасы Дай Даого катышты. ⚡️ 2023-жылы долбоордун биринчи кадамы меморандумга кол коюу менен башталган. Ал эми 3-мартта ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлду. Бүгүн заводдун курулушу расмий түрдө башталып, капсула салынды. 🏭 Биринчи этапта күнүнө 850 тонна таштанды иштетип, саатына 30 мВт электр энергиясын өндүрө турган электр станциясы курулат. Кийинки этаптарда кыш мезгилинде көп кабаттуу үйлөрдү жана башка керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыз кылуу үчүн жылуулук энергиясын өндүрүү пландалууда. 🌞 Ошондой эле кубаттуулугу 300 мВт болгон күн электр станциясын куруу каралган. Ош
Ошто таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушуна капсула салынды.
10 июня 202510 июн 2025
1 мин