«Учкун» компаниясы Намибия менен 130 миң биометрикалык паспорт жеткирүү боюнча келишим түздү. Намибиянын өкүлдөрү документтердин сапатын жогору баалап, кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришти. 📄 Кыргызстандын “Учкун” акционердик коому Намибия менен 130 миң биометрикалык паспорт жеткирүү боюнча келишим түздү. ✈️ Алгачкы продукция ийгиликтүү жөнөтүлүп, Намибия тарап документтердин сапатына жогору баа берип, ыраазычылык билдирди. 🤝 Намибиянын расмий делегациясы Бишкекке экинчи келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн келди жана “Учкун” менен башка тармактарда да кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. 🌍 Бул ийгилик президент Садыр Жапаровдун саясий эрки жана демилгеси менен мүмкүн болду, анын жетекчилигинде мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгү активдүү өнүгүүдө жана полиграфиялык тармак эл аралык деңгээлге чыгып жатат. 🇰🇬 Кыргызстан мурда биометрикалык паспортторун чет өлкөлөрдө өндүртүп келсе, бүгүнкү күндө өзүнүн сапаттуу документтерин экспорттоп, эл аралы
Кыргызстанда өндүрүлгөн паспорттор Түштүк Африкага экспорттоло баштады.
10 июня 202510 июн 2025
~1 мин