Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

АКШда ири аскердик парад өттү

АКШ армиясынын 250 жылдыгына арналган ири аскердик парад Вашингтондо өтүп, президент Дональд Трамп 79 жылдык мааракесине катышты. Ошол эле учурда өлкөнүн бир катар шаарларында анын саясатына каршы митингдер өттү. 🇺🇸 АКШнын Вашингтондо 250 жылдык аскер парады өттү. 🎖️ 14-июнда Вашингтондо АКШ армиясынын 250 жылдыгына арналган ири аскердик парад өткөрүлдү. Бул иш-чара АКШнын президенти Дональд Трамптын 79 жылдык мааракесине туш келди. 🚁 Парадка болжол менен 6600 аскер кызматкери, 50 тик учак жана M1 Abrams танктары катышты. Коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 🇺🇸 Көптөгөн көрүүчүлөр америкалык желектерди көтөрүп, “Make America great again” деген жазуусу бар кепкалар кийип келишкен. 🗣️ Дональд Трамп жубайы Мелания менен иш-чарага катышып, жаңы аскерлерди ант берүүгө чакырып, аларга ийгилик каалады. 🚫 Парад менен катар Дональд Трамптын саясатына каршы митингдер да өттү. “No kings” деген ураан астында өткөн бул акциялар Трамптын туулган күнүнө арналган. 📍 Нью-Йорк, Филадельфия, Хьюстон ж

АКШ армиясынын 250 жылдыгына арналган ири аскердик парад Вашингтондо өтүп, президент Дональд Трамп 79 жылдык мааракесине катышты. Ошол эле учурда өлкөнүн бир катар шаарларында анын саясатына каршы митингдер өттү.

🇺🇸 АКШнын Вашингтондо 250 жылдык аскер парады өттү.

🎖️ 14-июнда Вашингтондо АКШ армиясынын 250 жылдыгына арналган ири аскердик парад өткөрүлдү. Бул иш-чара АКШнын президенти Дональд Трамптын 79 жылдык мааракесине туш келди.

🚁 Парадка болжол менен 6600 аскер кызматкери, 50 тик учак жана M1 Abrams танктары катышты. Коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

🇺🇸 Көптөгөн көрүүчүлөр америкалык желектерди көтөрүп, “Make America great again” деген жазуусу бар кепкалар кийип келишкен.

🗣️ Дональд Трамп жубайы Мелания менен иш-чарага катышып, жаңы аскерлерди ант берүүгө чакырып, аларга ийгилик каалады.

🚫 Парад менен катар Дональд Трамптын саясатына каршы митингдер да өттү. “No kings” деген ураан астында өткөн бул акциялар Трамптын туулган күнүнө арналган.

📍 Нью-Йорк, Филадельфия, Хьюстон жана Лос-Анджелес сыяктуу шаарларда демонстрациялар болду. Миннесотадагы акциялар бир саясатчы атып өлтүрүлгөндөн кийин токтотулду.

💸 Трамптын биринчи мөөнөтүндө парад өткөрүү идеясы 90 миллион долларга чыгым болору аныкталгандан кийин ишке ашкан эмес.