Кара-Суу айылында 375 орундуу жаңы мектеп курулду. 1 945 чарчы метрди ээлеген мектепте класстар, лаборатория, ашкана, компьютердик класс жана спорт залы бар. Объектти тапшыруу жаңы окуу жылына пландалууда. 🏫 Кара-Суу айылында жаңы мектеп курулду. 🏗️ Кочкор районундагы Кара-Суу айылында Ш. Рысмендеев атындагы жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул долбоор 2022-жылдан бери республикалык бюджеттин каражаттары менен ишке ашырылып келет. 💰 Курулуштун тендердик баасы 119 миллион сомду түздү. Мектеп 375 окуучуга ылайыкталган. 📚 Мектептин долбоорунда окуу класстары, лаборатория, актовый зал, ашкана, эмгек кабинети, компьютердик класс, дарыгер кабинети жана спорт залы камтылган. 🏢 Объекттин жалпы аянты 1 945 чарчы метр. Мектепти жаңы окуу жылынын башталышына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.