Бишкекте өткөн «Мурас» футбол турниринде «Ден соолук» командасы 1-орунду ээледи, 400 миң сом утуп алды. Президент Садыр Жапаров «Мыкты бомбардир» аталды жана сыйлыгын «Ыйман» командасына ыйгарды. ⚽️ Бишкекте 31-майдан 1-июнга чейин өткөн «Мурас» футбол турнири жыйынтыкталды. Президент Садыр Жапаров катышып, спорт ден соолуктун жана узак өмүрдүн булагы экенин баса белгилеп, командаларга ийгилик каалады. 🏆 «Мурас» турниринде «Ден соолук» командасы үчүнчү ирет жеңүүчү болуп, 400 миң сом байгеге ээ болду. 🥈 «Ыйман» командасы экинчи орунду алып, 300 миң сом сыйлыкка татыктуу болду. 🥉 Үчүнчү орунду «Президенттин командасы» ээлеп, 200 миң сом сыйлык утушту. 💪 «Коопсуздук» командасы төртүнчү орунга ээ болуп, 100 миң сомдук сертификат алды. 👟 Үч номинация боюнча мыкты оюнчулар аныкталды: «Мыкты бомбардир» – президент Садыр Жапаров, 7 гол киргизип, акчалай сыйлыгын «Ыйман» командасына өткөрүп берди. «Мыкты дарбазачы» – Султан Осмонбеков («Ыйман» командасы). «Турнирдин мыкты оюнчусу» – Нурла
Бишкекте Садыр Жапаров катышкан «Мурас» футбол турнири жыйынтыкталды
1 июня 20251 июн 2025
~1 мин