Жалал-Абад шаарында Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленип, спорттук мелдештер жана сүрөт сынактары уюштурулду. Балдар чыгармачылык борбору «Ариет» конокторго ыр-бийлерин тартуулашты. Жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом бөлүнүп, социалдык мекемелер жана аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам көрсөтүлдү. 🎉 Джалал-Абад шаарында 31-май күнү Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди. Бул майрамга шаардык вице-мэр Гульбарчын Таштанбекова жана шаардык кеңештин төрагасы Орозбек Турдубеков катышты. 🏆 Майрамдык иш-чаранын алкагында балдар үчүн спорттук мелдештер жана сүрөт тартуу конкурсу уюштурулду. Жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды. 🎶 “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун окуучулары конокторго өз ыр-бийлерин тартуулашты. 💰 Жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом бөлүнүп, бул каражат Джалал-Абаддагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекеме, Р.Г. Бауэр атындагы облустук кургак учукка каршы борборунун балдар бөлүмү, “Ак-Жол” комплексдүү реабилитациялык борбору, “Бакыт” реабилитаци