Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Өзгөн районундагы интернатта Балдарды коргоо күнүнө арналган майрам болуп өттү.

Узген районундагы М. Разаков атындагы балдар үйүндө Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чара өтүп, Талантбек Арстанкулов балдарды куттуктап, белектерди тапшырды. Балдар ыр-бийлер менен көңүлдүү маанай тартуулашты.

🎉 Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Узген районундагы М. Разаков атындагы жетим балдар интернатында жогорку деңгээлде майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

👥 Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов балдарды майрамы менен куттуктап, Ош облусунун жетекчиси Эльчибек Жантаевдин жана өзүнүн атынан жылуу каалоо-тилектерин билдирди.

🎁 Балдарга белек катары спорттук жабдуулар жана көркөм адабият тапшырылды.

🎶 Иш-чарада балдар ыр-бий аткарып, катышуучуларга кубанычтуу маанай тартуулашты.

📚 Школа тууралуу кыскача маалымат жана презентация көрсөтүлдү.

🤝 Майрамдык иш-чараны өткөрүүгө демөөрчүлөр колдоо көрсөтүп, балдар үчүн өзгөчө маанай жаратты.