Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Борбор калаада «Наристе» эл аралык балдар фольклордук фестивалы ачылды.

Бишкекте V Эл аралык балдар фольклордук фестивалы «Наристе» ачылды. Фестиваль улуттук өзүн-өзү аңдоону жана эл аралык түшүнүүнү бекемдөөгө багытталган. Иш-чарага бир нече өлкөлөрдөн чыгармачыл топтор катышууда. 🎉 Бишкекте V Эл аралык балдар фольклордук фестивалы «Наристе» салтанаттуу ачылды. 👥 Иш-чарага мэр Айбек Жунушалиев, Кыргыз Республикасынын балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева, Венгриянын CIOFF президенти Йозеф Стигетвари жана башка ардактуу коноктор катышты. 🌍 Фестиваль салттар менен заманбаптыкты, балдардын чын дилинен чыккан чыгармалар менен элдик өнөрдүн көп кылымдык акылмандыгын, улуттук өзүн-өзү аңдоо менен эл аралык түшүнүүнү бириктирген өзгөчө мейкиндик болуп саналат. 🤝 Фестивалдын негизги максаты этникалык, маданий, тилдик топтор менен улуттардын ортосундагы өз ара түшүнүүнү жакшыртуу, солидардуулукту бекемдөө, маданияттарды өз ара байытуу жана эл аралык маданий кызматташтыкты жана алмашууну өнүктүрүү болуп саналат. 🎭 Фестиваль программасы фо

Бишкекте V Эл аралык балдар фольклордук фестивалы «Наристе» ачылды. Фестиваль улуттук өзүн-өзү аңдоону жана эл аралык түшүнүүнү бекемдөөгө багытталган. Иш-чарага бир нече өлкөлөрдөн чыгармачыл топтор катышууда.

🎉 Бишкекте V Эл аралык балдар фольклордук фестивалы «Наристе» салтанаттуу ачылды.

👥 Иш-чарага мэр Айбек Жунушалиев, Кыргыз Республикасынын балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева, Венгриянын CIOFF президенти Йозеф Стигетвари жана башка ардактуу коноктор катышты.

🌍 Фестиваль салттар менен заманбаптыкты, балдардын чын дилинен чыккан чыгармалар менен элдик өнөрдүн көп кылымдык акылмандыгын, улуттук өзүн-өзү аңдоо менен эл аралык түшүнүүнү бириктирген өзгөчө мейкиндик болуп саналат.

🤝 Фестивалдын негизги максаты этникалык, маданий, тилдик топтор менен улуттардын ортосундагы өз ара түшүнүүнү жакшыртуу, солидардуулукту бекемдөө, маданияттарды өз ара байытуу жана эл аралык маданий кызматташтыкты жана алмашууну өнүктүрүү болуп саналат.

🎭 Фестиваль программасы фольклордук бий жана аспаптык ансамблдердин чыгармаларын, мастер-класстарды, эл аралык конференцияларды, элдик кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрүн, маданий долбоорлордун презентацияларын жана Бишкектин тарыхый-маданий объектилерине экскурсияларды камтыйт.

🎶 1-июнда саат 19:00дө «Ала-Тоо» аянтында фестивалдын катышуучулары жана борбордун чыгармачыл коллективдери катышкан майрамдык концерт болот, андан соң майрамдык дискотека менен уланат.