Бишкекте VIII Дүйнөлүк эпос фестивалынын алкагында «Көчмөн стили» эл аралык этникалык мода конкурсу өттү. Иш-чара тажрыйбалуу жана жаңы дизайнерлер үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. 🎨 Бишкекте VIII Дүйнөлүк эпос фестивалынын алкагында “Көчмөн стили” аттуу эл аралык этникалык мода конкурсу өткөрүлдү. 👗 Конкурста эки категория боюнча катышуучулар ат салышты: “Салт сакчылар” – беш жылдан ашык тажрыйбасы бар адистер үчүн, жана “Жаш толкун” – беш жылга чейинки тажрыйбасы бар дизайнерлер, студенттер жана бүтүрүүчүлөр үчүн. 🧵 Катышуучуларды баалоо критерийлери алардын кесиптик даярдыгына жараша түзүлүп, улуттук стилге болгон оригиналдуулук жана инновациялык мамиле эске алынды. 🏆 Жюри өз ишин улантууда жана конкурстун жыйынтыгы 30-майда белгилүү болот. 📚 Фестиваль улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналган жана Кыргызстандын президенти, МФГС, Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги, “Манас” улуттук академиясы, Кыргыз улуттук театры жана “Арт-Араба” коомдук фо