Талас облусунда суу жетишсиздигинен улам айыл чарба жерлери кезектешкен сугат ыкмасы менен сугарылууда. Чон-Талас каналындагы оңдоо иштери аяктаганына карабастан, суу агымы азайган. Ар бир районго суу жеткирүү график боюнча жүргүзүлүүдө.
🌾 Талас облусунда дыйканчылык жерлерин сугаруу үчүн суу айландыруу методу колдонулууда.
💧 2025-жылдын апрель-май айларында Талас дарыясынан келген суунун көлөмү кескин азайып, 11–12 м³/с түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 35–36 м³/с аз.
🚜 Чон-Талас каналында суунун берилиши 17-апрелде башталып, бирок жаан-чачындан улам дыйкандар убактылуу суудан баш тартып, 22-апрелде канал жабылган. 29-апрелде суу кайра берилген.
📅 11-майдан баштап аймакта сууну кезектештирип берүү режими киргизилди, Талас жана Урмарал дарыяларынан суу так график боюнча бөлүштүрүлүүдө.
📣 Ар бир райондо штабдар түзүлүп, айыл өкмөттөрүнө суунун тартыштыгы тууралуу расмий билдирүүлөр жөнөтүлдү. Талас суу чарба башкармалыгынын диспетчердик кызматы суунун абалын көзөмөлдөп, маалымат берип турат.