Кыргызстандын авиация тармагы президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен активдүү өнүгүп жатат. Бир нече аэропорттор модернизацияланып, жаңы терминалдар курулууда. "Манас" аэропортунда реконструкция жүрүп жатат, ал эми "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясы туруктуу өсүүдө. ✈️ Кыргызстандын авиация тармагы президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен активдүү өнүгүп, жаңыланууда. 🔧 Регионалдык жана эл аралык аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча кеңири иштер жүргүзүлүп жатат. Бир нече регионалдык аэропорттордун реконструкциясы аяктап, ишке киргизилди. 🌍 Нарын жана Казарман аэропорттору июнь айында ачылат деп күтүлүүдө, ал эми Ысык-Көл (Тамчы) аэропортунда аэровокзал комплексинин курулушу уланууда. 🛫 Каракол шаарында эл аралык аэропорт өткөн жылдын аягында ачылган. Ош шаарында жаңы аэровокзал комплекси курулуп жатат, ал эл аралык рейстерди тейлейт, ал эми эски терминал ички каттамдарга арналат. 🏗️ Жалал-Абад шаарында эл аралык аэропорттун курулушу башталды. Аэропорттун аянты 380 ге