Бакыт Торобаев Ош облусунун Өзгөн районундагы Большевик айылында 600 тонна мөмө-жемиш сактоочу борбордун курулушуна капсула салды. Долбоордун баасы 35 млн сомду түзөт. 🍏 Министр Бакыт Торобаев Ош облусунун Өзгөн районундагы Большевик айылында мөмө-жемиштерди сактоо жана сатуу үчүн соода-логистикалык борбордун курулушуна капсула салды. 📦 Соода-логистикалык борбор жергиликтүү багбандар үчүн түшүмдү сактоо жана экспорттоо иштерин жеңилдетет. Бул борбор 600 тонна мөмө-жемишти сактай алат. 💰 Долбоордун жалпы баасы 35 миллион сомду түзөт. Бул каражаттар Дүйнөлүк банк тарабынан 2% жылдык үстөк менен 7 жылдык мөөнөткө насыя катары берилди. 🚜 Бакыт Торобаев учурда Ош облусунда иш сапары менен жүрөт.
Өзгөндө жемиштер менен жашылчаларды сактоо үчүн логистикалык борбор курулат.
28 мая 202528 мая 2025
~1 мин