Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Ош облусунун бүтүрүүчүсү дипломат болуп, өлкө үчүн иштөөнү кыялданат

Бул жылы өлкө боюнча 80 348 окуучу 11-классты бүттү. Аяна Базарбаева Ош облусунун №3 мектептин мыкты бүтүрүүчүлөрүнүн бири. Ал олимпиадаларга активдүү катышып, келечекте дипломат болууну кыялданат. 🎓 Быйыл өлкө боюнча 80 миң 348 окуучу 11-классты аяктап жатат. Мектептерде акыркы коңгуроо жаңырып, бүтүрүүчүлөр 2-июндан 17-июнга чейин мамлекеттик аттестациядан өтүшөт. 🎉 Аяна Базарбаева — Ош облусунун Араван районундагы Алишер Навои атындагы №3 мектептин бүтүрүүчүсү. Ал мектептеги эң мыкты окуучулардын бири болуп, коомдук иштерге активдүү катышып, ар кандай олимпиадаларда жана конкурстарда ийгиликтерге жетишкен. 🏆 Аяна республикалык олимпиадаларга активдүү катышып, облустук деңгээлде кыргыз тили боюнча биринчи орунду ээлеген. Республикалык деңгээлде жеңүүчүлөрдүн катарына кире албаса да, бул аны алдыга умтулууга жана максаттарга жетүүгө түрткөн. 🌍 Аяна келечектеги пландары менен бөлүшүп, кесипти туура тандоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Аны дипломатия тармагы кызыктырат, дипломат

Бул жылы өлкө боюнча 80 348 окуучу 11-классты бүттү. Аяна Базарбаева Ош облусунун №3 мектептин мыкты бүтүрүүчүлөрүнүн бири. Ал олимпиадаларга активдүү катышып, келечекте дипломат болууну кыялданат.

🎓 Быйыл өлкө боюнча 80 миң 348 окуучу 11-классты аяктап жатат. Мектептерде акыркы коңгуроо жаңырып, бүтүрүүчүлөр 2-июндан 17-июнга чейин мамлекеттик аттестациядан өтүшөт.

🎉 Аяна Базарбаева — Ош облусунун Араван районундагы Алишер Навои атындагы №3 мектептин бүтүрүүчүсү. Ал мектептеги эң мыкты окуучулардын бири болуп, коомдук иштерге активдүү катышып, ар кандай олимпиадаларда жана конкурстарда ийгиликтерге жетишкен.

🏆 Аяна республикалык олимпиадаларга активдүү катышып, облустук деңгээлде кыргыз тили боюнча биринчи орунду ээлеген. Республикалык деңгээлде жеңүүчүлөрдүн катарына кире албаса да, бул аны алдыга умтулууга жана максаттарга жетүүгө түрткөн.

🌍 Аяна келечектеги пландары менен бөлүшүп, кесипти туура тандоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Аны дипломатия тармагы кызыктырат, дипломат болуп, дүйнөнү кыдырып, чоң максаттарга жетүүнү каалайт.

👩‍🏫 Мектептин окуу бөлүмүнүн жетекчиси Жаркын Кудайбердиева Аянаны жалпы республикалык тестирлөөгө даярдап жатканын жана жогорку натыйжаларга үмүт артып жатканын айтты. Аяна бардык сабактарды мыкты өздөштүргөн жана кайсы кесипти тандабасын, мыкты адис болоруна ишенет.

🔑 Алишер Навои атындагы мектепти быйыл 115 бүтүрүүчү аяктоодо, алардын ичинен 17си артыкчылык аттестатына талапкер.