Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Фильм «Качкын» Чебоксарыдагы кинофестивалга катышты

Толук метраждуу "Качкын" тасмасы Чебоксары эл аралык кинофестивалынын негизги конкурсунда көрсөтүлдү. Тасма коопсуз миграция жана заманбап кулчулук сыяктуу маанилүү социалдык маселелерди камтыйт. 🎬 Дастан Жапар Рыскелдынын “Качкын” (“Сделка на границе”) аттуу толук метраждуу тасмасы Чувашияда өткөн XVIII Чебоксар эл аралык кинофестивалынын негизги конкурсунда көрсөтүлдү. 🌍 “Качкын” тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Түштүк Кореядагы Пусан кинофестивалында болуп өткөн. Андан кийин тасма Германиянын Котбус, Бангладештин Дакка жана башка ири кинофестивалдарда көрсөтүлдү. 🎥 Фильм Лос-Анджелестеги Asian World Film Festival, Казакстандагы Евразия кинофестивалы жана Индиядагы Гоа кинофестивалына да тандалып алынган. 🗣️ Тасма коопсуз миграция жана заманбап кулчулук сыяктуу дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар үчүн актуалдуу социалдык маселелерди камтыйт. 🤝 “Качкын” Т.Океев атындагы Кыргызфильм улуттук киностудиясы жана Creative Center & CTR компаниясы тарабынан биргелешип тартылган. Тасмада А

Толук метраждуу "Качкын" тасмасы Чебоксары эл аралык кинофестивалынын негизги конкурсунда көрсөтүлдү. Тасма коопсуз миграция жана заманбап кулчулук сыяктуу маанилүү социалдык маселелерди камтыйт.

🎬 Дастан Жапар Рыскелдынын “Качкын” (“Сделка на границе”) аттуу толук метраждуу тасмасы Чувашияда өткөн XVIII Чебоксар эл аралык кинофестивалынын негизги конкурсунда көрсөтүлдү.

🌍 “Качкын” тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Түштүк Кореядагы Пусан кинофестивалында болуп өткөн. Андан кийин тасма Германиянын Котбус, Бангладештин Дакка жана башка ири кинофестивалдарда көрсөтүлдү.

🎥 Фильм Лос-Анджелестеги Asian World Film Festival, Казакстандагы Евразия кинофестивалы жана Индиядагы Гоа кинофестивалына да тандалып алынган.

🗣️ Тасма коопсуз миграция жана заманбап кулчулук сыяктуу дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар үчүн актуалдуу социалдык маселелерди камтыйт.

🤝 “Качкын” Т.Океев атындагы Кыргызфильм улуттук киностудиясы жана Creative Center & CTR компаниясы тарабынан биргелешип тартылган. Тасмада Абылай Маратов, Омурбек Израилов, Мээрим Атантаева жана башка белгилүү актерлор роль ойношкон. Продюсери Суйум Сулайманова.