Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана Бээжин шаарынын Шуньи районунун делегациясы инвестиция тартуу жана экономикалык өнүгүү жаатында кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюшту. 🌍 Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Пекин шаарынын Шуньи районунун делегациясы менен жолугушту. Бул жолугушуунун негизги максаты – “Бир алкак – бир жол” демилгеси алкагында инвестицияларды тартуу болуп саналат. 💼 2024-жылы Бишкек шаарына 1 миллиард АКШ долларынан ашык инвестиция тартылган. Бул көрсөткүч шаар үчүн чоң жетишкендик. 🤝 Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясы менен Пекин шаарынын Шуньи районунун Мулин жана Мапо шаарларынын Элдик өкмөттөрү ортосунда кызматташуу меморандумдарына кол коюлду. 🔄 Документтер экономикалык өнүгүү жаатында тажрыйба алмашууну, соода-коммерциялык инфраструктураны өнүктүрүү жана иштетүү боюнча инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууну камтыйт. 🙏 Тараптар бири-бирине ыраазычылык билдирип, конструктивдүү диалогду улантууга ниеттеништи.