Бишкек, 25.05.25./Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы жана сот системасы санарип форматта өз ара аракеттенет. Бул макулдашуу салык төлөөчүлөр үчүн онлайн кызматтарды киргизип, карыздарды онлайн төлөөгө мүмкүнчүлүк берет. 📲 Мамлекеттик салык кызматы жана сот системасы санарип форматта иштеше баштайт. 🤝 Жаңы макулдашууга кол коюу иш-чарасына Салык кызматы, Жогорку сот, Сот департаменти, УИТ «Адилет сот» жана санариптештирүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү болгон соттор катышты. 💻 Макулдашуунун алкагында салык кызматы менен сот органдарынын ортосунда санариптик чечимдер ишке киргизилет. 🌐 Салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу онлайн кызматтар сунушталат. 💳 Налог төлөөчүлөр өздөрүнүн салык карыздарын онлайн төлөй алышат. 📉 Бул чаралар Кыргыз Республикасынын президенттин “Калкка жана ишкердик субъекттерине салык жүгүн азайтуу жана салыктык башкарууну жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын алкагында ишке ашырылууда.