Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн чет элдиктер 10-июнга чейин депортациясыз жана айыппулсуз өлкөдөн чыга алышат. Президенттин жарлыгы чет элдиктердин укуктук макамын жөнгө салууну көздөйт. 🇰🇬 Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандар өлкөнү депортациясыз жана айыпсыз таштап кете алышат. Президенттин Кыргыз Республикасында жүргөн чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу чаралары боюнча жарлыгына ылайык, чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга 2025-жылдын 10-июнуна чейин өз укуктук абалын легалдаштыруу мүмкүнчүлүгү берилет. 🛂 Ички иштер министрлигине миграция мыйзамдарын бузган жана жарандыгы жок адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды өткөрүү тапшырылды. 📈 Камчыбек Ташиевдин айтымында, өлкөдөгү коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана криминогендик кырдаалдын турукташканы, кыргыз коомунун ачыктыгы жана сабырдуулугу, билим алуунун арзандыгы жана коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы оң натыйжалар чет элдик жаранда
Чет элдиктер КРде болуу мөөнөтүн 10-июнга чейин мыйзамдаштыра алышат: документ тапшыруу эрежелери
23 мая 202523 мая 2025
1 мин