Бүгүн, 23-майда, КРдин саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев Ош облусундагы кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы диагностикалык бөлүмүнүн курулушуна капсула салуу аземине катышты. Министр аймакка болгон сапарында борбордун жамааты менен жолугушуп, көйгөйлөрдү талкуулады жана кызматкерлердин суроолоруна жооп берди. Ал саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү өлкө жетекчилигинин артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи. Эркин Чечейбаев айлык акылардын бирдей эмес экенин айтып, 2025-жылы кызматкерлердин айлыгын жогорулатуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди. Ошондой эле ал жыл башында өрттөн жабыркаган административдик имараттын ордуна жаңы имарат курула турганын айтты. Сапардын жыйынтыгында министр борбордун көйгөйлөрүн терең изилдөөнү тапшырды. 🔍 Ош облусундагы кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы диагностикалык бөлүмүнүн курулушуна капсула салынды. 👨⚕️ Эркин Чечейбаев саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү өлкө жетекчилигинин негизги приоритети экенин белгиледи. 💼
Саламаттык сактоо министри Оштогу жаңы кургак учукка каршы борбордун пайдубалына капсула салды.
23 мая 202523 мая 2025
1 мин