Бишкек, 03.06.25. /Кабар/. 2025-жылдын 5 айында Ветеринардык кызмат мамлекеттик кызматтардан 84 млн сом чогултту. Бул сумманын 40,5 млн сому эмгек акыга, 7 млн сому Социалдык фондго, 4 млн сому киреше салыгына жумшалды. Жылдык план 41,8% аткарылды.
📊 Ветеринардык кызмат 2025-жылдын алгачкы беш айында 84 миллион сом чогултту.
💰 Жыйналган акчанын бир бөлүгү – 40 миллион 538,6 миң сом – кызматкерлердин айлык маянасына сарпталды.
🧾 Социалдык фондго 6 миллион 992,9 миң сом которулду.
📈 Киреше салыгына 4 миллион 053,9 миң сом бөлүндү.
🎯 Ветеринардык кызматтын жылдык планы 200 миллион 983,5 миң сомду түзөт, ал эми беш айдын ичинде бул пландын 41,8% аткарылды.