Ак-Суй районунда Жыргалан айылынан "Ала-Тоо Резорт" лыжа базасына чейин альтернативдүү жол куруу иштери жүрүп жатат. Жолдун узундугу 8 км болуп, учурда 1 км бөлүгүнө шагыл төшөлдү. Мындан тышкары, Токтогул айылынан Жыргаланга чейин 14 км жол куруу иштери да башталды. Жыл аягына чейин жолдун жарымы асфальтталат. 🚧 Иссык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Жыргалан айылынан “Ала-Тоо Резорт” лыжа базасына чейин альтернативдүү жолдун долбоорлоосу жана курулушу башталды. 🛣️ Жаңы жолдун узундугу 8 км болуп, Жыргалан айылынан “Ала-Тоо Резорт” лыжа базасына чейин альтернативдүү трасса катары кызмат кылат. Учурда тоо боорундагы мурда колдонулган жолдор кеңейтилүүдө жана аларга шагыл-кум аралашмасы төшөлүүдө. 🔌 Жолдун кеңейиши менен катар жогорку чыңалуудагы электр линияларын көчүрүү иштери да жүрүп жатат. Курулушка 10дон ашык техника жана адистердин бригадалары катышууда. 🛠️ Токтогул айылынан Жыргаланга чейинки 14 км жолдун курулушу да башталды. Айылдын ичинде 1 км 300 м жолдо иштер аяктап, жолд