Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Венгриянын Будапешт шаарына иш сапары менен келди. Ал ОТГга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейрасмий саммитине катышат. 🇰🇬 Президент Садыр Жапаров Венгриянын борбору Будапештке иш сапары менен келди. 🛬 Жапаровдун учагы Ференц Лист эл аралык аэропортуна конду, аны Венгриянын премьер-министринин кеңсесинин башчысы Гергей Гуйяш жана башка расмий өкүлдөр тосуп алышты. 🇹🇷 Аэропортто Түрк мамлекеттер уюмунун мүчө мамлекеттеринин жана байкоочу өлкөлөрдүн желектери илинген, ал эми кызыл килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген. 🤝 Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында Түрк мамлекеттер уюмуна кирген өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал саммитине катышат.