Кадамжай районундагы шахтада газ чыгып, эркек киши ууланды. МЧСтин 6 куткаруучусу 90 метр тереңдиктен анын денесин алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришти. 📰 Кадамжай районундагы шахтада газдан уулануу окуясы катталды. 🚒 Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан жеке көмүр шахтасында газдын чыгышы болгон. Окуя Боз айылындагы №9 шахтада катталган. 📞 Окуя тууралуу маалымат 20-май күнү “112” кызматына келип түшкөн. 👷♂️ Куткаруу иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6 куткаруучусу тартылган. ⚠️ Маркумдун денеси 90 метр тереңдиктен чыгарылып, анын туугандарына өткөрүлүп берилген.