Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз 140 карагай казылып алынды.

Ысык-Көл облусунда Жаргылчак токой чарбасында 140 тянь-шань көчөтүнүн мыйзамсыз казылып алынганы аныкталды. Келтирилген зыян 299 880 сомду түзүп, мыйзам бузган жаранга 17 000 сом айып салынды. Экологиялык кызмат жаратылыш ресурстарын сактоого чакырат.

🌲 Ысык-Көл облусунда 140 көчөттүн мыйзамсыз алынганы аныкталды.

🔍 Ысык-Көл облусунун экологиялык жана техникалык көзөмөл башкармалыгы, өзгөчө корголуучу аймактар жана биотүрдүүлүк бөлүмү менен биргеликте Жаргылчак токой чарбасынын №6 аймагында текшерүү жүргүзүштү.

🚫 “Эки-Бала” жергесинде жасалма токойдо 140 тянь-шань көчөттөрүнүн мыйзамсыз алынганы аныкталды. Көчөттөрдүн узундугу 2-3 метр, тамыры менен алынган.

📄 Керектүү документтер жеринде толтурулду. Бузуучу 17 000 сом административдик айыпка жыгылды, ал эми өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыяндын суммасы 299 880 сомду түздү.

🌿 Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды табигый ресурстарды сактоого чакырат. Мыйзам бузуу фактылары аныкталса, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык катуу чаралар көрүлөт.