Токтогулдагы Э. Осмонов атындагы стадионду реконструкциялоо иштери уланууда. Жобонун баасы 172,7 млн сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланууда. 1980-жылы курулган стадион биринчи жолу жаңыланууда. ⚽️ Токтогул шаарындагы Э. Осмонов атындагы стадионду капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо иштери жигердүү жүрүүдө. 🏗 Реконструкция долбоору республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 172,7 млн сомду түзөт. 🏢 Долбоорго ылайык, жатакана, ашкана, батыш жана чыгыш трибуналары, коомдук даараткана, автобус жана конок унаа токтотуучу жайлар, заманбап футбол талаасы курулат. 🏟 Стадион 1980-жылы курулган жана ошол убакыттан бери капиталдык реконструкциядан өткөн эмес.