Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

«Манас» аэропорту 9-августтан тарта IATA кодун өзгөртөт: FRU ордуна BSZ.

Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропорту 2025-жылдын 9-августунан тартып IATA кодун FRUдан BSZге алмаштырат. Бул кадам эл аралык авиация системасындагы коддорду өзгөртүү эрежелерине ылайык ишке ашырылууда. ✈️ Бишкек шаарындагы “Манас” эл аралык аэропорту 9-августтан тартып IATA үч тамгалык кодун FRUдан BSZге өзгөртөт. 🔄 Бул чечим Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) 763-резолюциясынын негизинде кабыл алынды жана 2025-жылдын 9-майында алынган расмий билдирүүдөн 90 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 🌍 IATA коду дүйнө жүзү боюнча билет брондоо, жүк каттоо жана навигация үчүн колдонулат. Коддун өзгөрүшү авиакомпаниялардын, агенттиктердин, аэропорттордун жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн бардык системаларын техникалык жактан кайра орнотууну талап кылат. 🤝 “Манас” аэропорту жана Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкта өзгөрүүгө даярдык көрүүдө. 🕒 Коддун алмашуусу пландуу түрдө жүргүзүлүп жатат жана учуу графигине жана жүргүнчүлөрдү тейлөөг

Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропорту 2025-жылдын 9-августунан тартып IATA кодун FRUдан BSZге алмаштырат. Бул кадам эл аралык авиация системасындагы коддорду өзгөртүү эрежелерине ылайык ишке ашырылууда.

✈️ Бишкек шаарындагы “Манас” эл аралык аэропорту 9-августтан тартып IATA үч тамгалык кодун FRUдан BSZге өзгөртөт.

🔄 Бул чечим Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) 763-резолюциясынын негизинде кабыл алынды жана 2025-жылдын 9-майында алынган расмий билдирүүдөн 90 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

🌍 IATA коду дүйнө жүзү боюнча билет брондоо, жүк каттоо жана навигация үчүн колдонулат. Коддун өзгөрүшү авиакомпаниялардын, агенттиктердин, аэропорттордун жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн бардык системаларын техникалык жактан кайра орнотууну талап кылат.

🤝 “Манас” аэропорту жана Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкта өзгөрүүгө даярдык көрүүдө.

🕒 Коддун алмашуусу пландуу түрдө жүргүзүлүп жатат жана учуу графигине жана жүргүнчүлөрдү тейлөөгө таасир этпейт.