Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана башка мамлекеттердин парламент жетекчилери 18-майда «Ала-Арча» паркынын маданий мурасын даңазалаган иш-чарага катышты.
🇰🇬 Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Россиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин, Казакстан парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов жана Тажикстандын Маджлиси намояндагон Маджлиси Олинин төрагасы Файзали Идизода 18-майда «Ала-Арча» жаратылыш паркына барышты.
🎭 Меймандар үчүн кыргыз элинин салттарын жана бай маданий мурасын чагылдырган маданий программа уюштурулду. Ошондой эле, Кыргызстандын руханий баалуулуктарын даңазалаган элдик оюндар жана көрсөтүүлөр тартууланды.
🗓️ 19-майда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) көчмө жыйыны өтөт.
🤝 Жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасы жана Россия, Казакстан, Тажикстан жана Беларус парламенттеринин башчылары катышат.