Бишкек, 16.05.2025. /Кабар/. Ош шаарындагы Толойкан айылында Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен баланы издөө иштерине 9 куткаруучу, 209 ИИМ кызматкери жана 24 тууганы тартылды. Папан суу сактагычынан Ак-Буура дарыясына суу берүү убактылуу токтотулду. 🔍 Ош шаарындагы Толойкан айылынын жанындагы Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен баланы издөө иштери улантылууда. 👮♂️ Издөө иштерине 9 куткаруучу, ИИМдин 209 кызматкери жана жоголгон баланын 24 тууганы катышууда. 🚨 МЧС КР маалыматына ылайык, болжол менен 10–12 жаштагы баланын дарыяга түшүп кеткендиги тууралуу билдирүү кечээ 112 кызматына келип түшкөн. 🚰 Издөө иштерине байланыштуу бүгүн саат 09:30дан тартып Папан суу сактагычынан Ак-Буура дарыясына суу берүү убактылуу токтотулду. 📢 Кошумча маалымат кийинчерээк берилет.
Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен баланы издөө иштерине 254 адам тартылды.
16 мая 202516 мая 2025
~1 мин