Бишкек шаарында мэр Айбек Джунушалиев менен Пермь шаарынын мэри Эдуард Соснин жолугушуп, шаарлар ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Алар маданият, жаштар саясаты жана шаардык инфраструктураны башкаруу боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдиришти. Жолугушууда Бишкек менен Пермь ортосундагы ниеттер протоколуна кол коюлду.
🌍 Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана Россиянын Пермь шаарынын мэри Эдуард Соснин Бишкекте жолугушту. Жолугушууда эки шаар ортосунда өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды.
🤝 Айбек Жунушалиев маданият, жаштар саясаты жана шаардык инфраструктураны башкаруу тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди.
🏛️ Эдуард Соснин Пермь жана Бишкек шаарларынын өнөр жайы өнүккөн, тарыхы бай жана маданиятты башкаруу системасы өнүккөн шаарлар экенин белгиледи. Ал бул жолугушуу эки шаар жана элдер ортосунда чоң достуктун башталышы болоруна ишенерин айтты.
📝 Жолугушуунун алкагында Бишкек жана Пермь шаарларынын ортосунда ниеттер протоколуна кол коюлду.