Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Чыгыш Казакстан облустук театрынын гастролдору Бишкекте өтөт.

Чыгыш Казакстан драма жана оперетта театры 19-20-майда Бишкекте гастролдойт. Алар кыргыз көрөрмандарга Ч.Айтматовдун чыгармасына негизделген «Шынарым менің, шырайлым менің» жана социалдык маселелерди козгогон «Толғақ» спектаклдерин тартуулашат. 🎭 Кыргызстандын улуттук академиялык драмалык театрында 19-20-май күндөрү Чыгыш Казакстан областынын драма жана оперетта театрынын гастролдук спектаклдери көрсөтүлөт. 🎭 Чыгыш Казакстан театрынын Instagram баракчасында кыргызстандык көрүүчүлөргө эки спектакль сунушталаары айтылат: лирикалык драма «Шынарым менің, шырайлым менің» жана психологиялык драма «Толғақ». 🎭 «Шынарым менің, шырайлым менің» спектакли Ч.Айтматовдун «Тополек мой в красной косынке» повестинин негизинде коюлган. Бул чыгарма кыргыз кызы Аселдин жана айдоочу Ильястын тагдырын, алардын сүйүүсүнүн сыноолорго жана жеке трагедияларга туш болушун баяндайт. Спектаклдин режиссёру – Асыл Қозықанов, ал эми премьерасы 2025-жылдын январь айында Өскеменде өткөн. 🎭 «Толғақ» психологиялык др

Чыгыш Казакстан драма жана оперетта театры 19-20-майда Бишкекте гастролдойт. Алар кыргыз көрөрмандарга Ч.Айтматовдун чыгармасына негизделген «Шынарым менің, шырайлым менің» жана социалдык маселелерди козгогон «Толғақ» спектаклдерин тартуулашат.

🎭 Кыргызстандын улуттук академиялык драмалык театрында 19-20-май күндөрү Чыгыш Казакстан областынын драма жана оперетта театрынын гастролдук спектаклдери көрсөтүлөт.

🎭 Чыгыш Казакстан театрынын Instagram баракчасында кыргызстандык көрүүчүлөргө эки спектакль сунушталаары айтылат: лирикалык драма «Шынарым менің, шырайлым менің» жана психологиялык драма «Толғақ».

🎭 «Шынарым менің, шырайлым менің» спектакли Ч.Айтматовдун «Тополек мой в красной косынке» повестинин негизинде коюлган. Бул чыгарма кыргыз кызы Аселдин жана айдоочу Ильястын тагдырын, алардын сүйүүсүнүн сыноолорго жана жеке трагедияларга туш болушун баяндайт. Спектаклдин режиссёру – Асыл Қозықанов, ал эми премьерасы 2025-жылдын январь айында Өскеменде өткөн.

🎭 «Толғақ» психологиялык драмасы кыргыз драматургу Женишгүл Озубекованын «Толгоо» пьесасынын негизинде коюлган жана курч социалдык темаларды көтөрөт. Окуя Ысык-Көлдүн жээгиндеги балыкчы айылында өтүп, башкы каарман Меркулдун айланасындагы дүйнөнүн кайгы-капасы жана катуулугу менен күрөшүн чагылдырат. Бул спектакль 2006-жылы Ысык-Көлдөгү Борбор Азия эл аралык театр фестивалында I орунду алган.

🤝 Гастролдор Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы маданий алмашуу программасынын алкагында уюштурулуп жатат.