Парижде Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз жана Франциянын Улуттук Ассамблеясынын депутаты Катрин Эрвьё менен жолугушууда саясий диалогду активдештирүү, соода-экономикалык жана маданий кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды. 🇫🇷 Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы саясий диалогду жана парламенттер аралык байланыштарды активдештирүү максатында Парижде Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз менен Франциянын Улуттук Ассамблеясынын депутаты, “Франция – Борбордук Азия” достук тобунун төрайымы Катрин Эрвьё жолугушту. 🔑 Жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду, анын ичинде EDF, TotalEnergies жана Voltalia сыяктуу алдыңкы француз энергетикалык компаниялары менен кызматташуу талкууланды. 📚 Гуманитардык тармакта маданий-агартуу алмашууларды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленип, Кыргызстан француз тарап менен биргелешип академиялык жана маданий программаларды кеңейтүүгө кызыкдар экени айтылды. 🤝 Жолугушуунун жый
Кыргызстан менен Франция кызматташууну кеңейтүү жана парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо маселелерин талкуулашты.
13 мая 202513 мая 2025
~1 мин