Улуттук банк 16-майда нумизматикалык музейинде ачык эшиктер күнүн өткөрөт. Келгендер акчанын тарыхы, банкноттордун өндүрүшү жана байыркы монеталар менен тааныша алышат. Экскурсиялар 09:00дөн 17:00гө чейин өтөт, кирүү акысыз. 🎉 Улуттук банк 16-майда Эл аралык музейлер күнүнө карата өзүнүн нумизматикалык музейинде ачык эшиктер күнүн өткөрөт. 🏛️ Музейде улуттук валютанын тарыхы жана банкноттордун өндүрүш этаптары менен таанышууга болот. 🪙 Көргөзмөдө 1995–2025-жылдар аралыгында Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык монеталар, ошондой эле дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн акча белгилери көрсөтүлөт. 🕘 Экскурсиялар эртең мененки саат 09:00дөн кечки саат 17:00гө чейин өткөрүлөт, кирүү акысыз. 📋 Экскурсияга катышуу үчүн паспортуңуз, студенттик билетиңиз же айдоочулук күбөлүгүңүз болушу керек. 📞 Экскурсияга алдын ала жазылуу үчүн 0 (312) 66-90-08, 0 (312) 61-24-14 телефондоруна чалсаңыз болот же mail@nbkr.kg электрондук почтасына кат жазсаңыз болот.
Бишкектиктерди музей күнү нумизматикалык музейге ачык эшиктер күнүнө чакырат
13 мая 202513 мая 2025
~1 мин