Ош шаарында «Очпос от» мемориалдык комплексинде ГКНБнын «Альфа» атайын бөлүмүнүн кызматкерлеринин элесине арналган митинг-реквием өттү. Иш-чарада 2006-жылдын 12-майында экстремисттик топтордун чабуулунда курман болгон беш баатыр эскерилди. 🇰🇬 Ош шаарында бүгүн «Очпос от» мемориалдык комплексинде Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкерлеринин кызматтык милдетин аткарууда курман болгон жоокерлеринин элесине арналган митинг-реквием өттү. 🕊️ Ош шаарынын вице-мэри Салтанат Аманова, Ош жана Ош облусу боюнча УКМКнын ардагерлер кеңешинин төрагасы Асанбек Абдыгапаров, «Альфа-Ардагер» коомдук бирикмесинин төрагасы Байыш Эсенбай уулу, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Түштүк-Батыш оперативдик командалыгынын өкүлдөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана башка катышуучулар иш-чарага катышты. 🌹 Иш-чаранын жүрүшүндө «Очпос от» мемориалына