Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Бишкекке Сооронбай Жусуевге арналган эстелик коюлду

Бишкектеги Тоголок Молдо паркында Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгына арналган эстелик орнотулду. Жусуевдин чыгармачылыгы кыргыз поэзиясына баа жеткис салым кошкон. 🎉 Бишкек шаарында Тоголок Молдо атындагы паркте Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгына карата эстелик белги орнотулду. 👥 Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин орун басары Тимурлан Ажымалиев, Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, ошондой эле акындын жакындары, замандаштары, жазуучулар, маданият ишмерлери жана анын чыгармачылыгын баалаган күйөрмандар катышты. 📚 Сооронбай Жусуев кыргыз элинин эл акыны, “Манас” орденинин III даражасынын ээси жана Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болуп саналат. Анын терең философиялык ойлору кыргыз поэзиясын бийиктикке көтөргөн. 🏅 Тимурлан Ажымалиев Сооронбай Жусуевдин чыгармачылыгы улуттук аң-сезимдин жана кыргыз элинин м

Бишкектеги Тоголок Молдо паркында Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгына арналган эстелик орнотулду. Жусуевдин чыгармачылыгы кыргыз поэзиясына баа жеткис салым кошкон.

🎉 Бишкек шаарында Тоголок Молдо атындагы паркте Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгына карата эстелик белги орнотулду.

👥 Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин орун басары Тимурлан Ажымалиев, Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, ошондой эле акындын жакындары, замандаштары, жазуучулар, маданият ишмерлери жана анын чыгармачылыгын баалаган күйөрмандар катышты.

📚 Сооронбай Жусуев кыргыз элинин эл акыны, “Манас” орденинин III даражасынын ээси жана Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болуп саналат. Анын терең философиялык ойлору кыргыз поэзиясын бийиктикке көтөргөн.

🏅 Тимурлан Ажымалиев Сооронбай Жусуевдин чыгармачылыгы улуттук аң-сезимдин жана кыргыз элинин маданий кодунун ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи.

📅 Сооронбай Жусуевдин эстелик белгисин орнотуу анын 100 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын алкагында ишке ашырылды.