Ош облусундагы Кара-Суу районунда асфальт жана бетон өндүрүүчү заводдор, ошондой эле эт жана сүт өндүрүүчү ишканалар курулууда. Бул долбоорлор жергиликтүү экономиканын өсүшүн жана жаңы жумуш орундарын түзүүнү колдойт. 🌍 Ош облусунун Кара-Суу районунда бир катар ири өндүрүштүк объекттердин курулушу жүрүп жатат. 🏗️ Датка айыл округундагы «Салих-Строй» компаниясынын асфальт жана бетон өндүрүш заводунун курулушу 2 гектар аянтта жүрүүдө. Бул долбоордун сметалык баасы 261 млн сомду түзүп, анын курулушу 2025-жылы аяктайт. 🥛 Манас айыл округундагы «Жети-Баатыр» эт жана сүт өндүрүш заводунун курулушу да кызуу жүрүп жатат. Анын сметалык баасы 427 млн сомду түзөт жана 2025-жылдын аягында ишке киргизүү пландалууда. Завод ишке киргенден кийин 300дөн ашуун жумушчу орун түзүлөт. 📈 Жергиликтүү ишкерлердин мындай өндүрүштүк долбоорлорго инвестиция салуусу экономикадагы олуттуу өзгөрүүлөрдүн белгиси. Өлкө мурда чет элдик инвестицияларга гана таянган болсо, азыр ички кирешелердин жана жергиликтүү биз
Премьер-министр Кара-Суу районундагы эки заводдун курулушун текшерди.
22 мая 202522 мая 2025
1 мин