Базар-Коргон районундагы фермер Толкунбай Мойдинов 10 гектар жерге өстүрүлгөн сарымсактын түшүмүн жыйнап баштады. "3+2" мамлекеттик программасынын алкагында түшүмдүүлүк 120–130 центнерди түзөт. Кийинки планында ал огурец өстүрүүнү көздөп жатат. 🌱 Базар-Коргон районундагы дыйкандар мамлекеттик «3+2» программасынын алкагында өстүрүлгөн сарымсактын түшүмүн жыйноону башташты. Бул программа аграрийлерге колдоо көрсөтүүгө багытталган. 👨🌾 Жергиликтүү дыйкан Мойдинов Толкунбай 10 гектар аянтка сарымсак отургузган. 2024-жылы топурак анализден өтүп, 2025-жылдын январь айында жыйынтыгы алынган. 🔍 Дыйкан агротехникалык чараларды көрүү үчүн адистерден кеңеш алып, эки ирет жерди иштетип, кол менен жумшартып, минералдык жер семирткичтерди колдонгон. 💧 Апрель айынан тарта талаа беш жолу сугарылып, химикаттардан тазаланып, кол менен отоо чөптөр алынган. 📈 Учурда түшүмдүүлүк гектарына 120–130 центнерди түзөт. Сарымсак жыйноо аяктагандан кийин Толкунбай огурец отургузууну пландаштырууда. 🚜 «3+2»
Базар-Коргондук фермер сарымсактын мол түшүмүн жыйнап, бадыраң отургузууга даярданууда.
22 мая 202522 мая 2025
1 мин