Бишкекте Адылкан Бекболотов атындагы республикалык бокс турнири башталды. 2011-2012-жылкы 200дөн ашык жаш спортчу катышууда. Турнир жаштар арасында боксту өнүктүрүүгө жана келечектүү спортчуларды аныктоого багытталган.
🥊 Бишкекте Адылкан Бекболотов атындагы V Республикалык бокс турниринин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
👦 Турнир 2011-2012-жылдары туулган жаш өспүрүмдөр арасында өтүп, 25-майга чейин уланат.
🌍 Кыргызстан боюнча 200дөн ашык жаш боксчулар катышып, турнирдин максаты – жаштар арасында боксту өнүктүрүү жана популяризациялоо.
🏅 Перспективдүү спортчуларды аныктоо жана Кыргызстандын курама командасын түзүү да бул иш-чаранын негизги максаттарынын бири болуп саналат.
🏆 Турнирдин дагы бир маанилүү максаты – Кыргызстандын спорт тармагына чоң салым кошкон Адылкан Бекболотовдун эстелигин түбөлүккө калтыруу.