Билим берүү тармагына каржылоо үч эсеге көбөйтүлүп, чоң реформалар күтүлүүдө. Жаңы мектептер заманбап жабдуулар, лабораториялар жана спорт аянтчалары менен камсыздалат. 📚 Билим берүү тармагына каржылоо үч эсеге көбөйдү. 2020-жылы 37 миллиард сом бөлүнсө, 2024-жылы бул сумма 81 миллиард сомго жетти. Бул маалыматты Адылбек Касымалиев Талас шаарында мектептин курулушуна капсула салуу аземинде билдирди. 🏫 Кыргызстанда мектептердин жана социалдык объектилердин курулушу тынымсыз жүрүүдө. Бишкекте акыркы 5-6 ай ичинде 15 мектеп жана 3 бала бакча курулду. 2023-жылы өлкө боюнча 143 мектеп, ал эми 2024-жылы 190 мектеп курулмакчы. 🔬 Талас облусунда акыркы 2 жылда 23 мектеп жана 7 бала бакча курулду. Жаңы мектептер заманбап интерактивдүү такталар жана компьютердик жабдуулар менен камсыздалат. Окуучулардын так илимдерге болгон кызыгуусун арттыруу максатында химия, физика жана биология кабинеттерине атайын лабораториялар орнотулат. ⚽ Мектептин аймагында чоң стадион, тренажёр залы, футбол талаасы,
Билим берүү келечекке инвестиция: төрт жылда бюджет үч эсе көбөйдү.
21 мая 202521 мая 2025
1 мин