Бишкек, 05.05.25. /Кабар/. «Жайлоого Карай Узак Жол» фильми Oberhausen эл аралык кыска метраждуу кинофестивалында Гран-при жана экинчи сыйлыкты жеңип алды. Режиссер Ильгиз Шернияз, фильм 2025-жылы «Айтыш фильм» студиясы тарабынан тартылган. 🎬 Кыргызстандын “Жайлоого Карай Узак Жол” аттуу кыска метраждуу фильми Oberhausen эл аралык кинофестивалында эки сыйлыкка ээ болду. 🏆 Фильм Оберхаузен шаарынын Гран-при сыйлыгына жана Түндүк Рейн-Вестфалия аймагынын Маданият жана илим министрлигинин экинчи сыйлыгына татыктуу болду. 🎥 Фильмдин режиссеру Ильгиз Шернияз, көркөм жетекчиси Артыкпай Сүйүндүков, операторлор Караш Жанышов жана Адилет Бактыбеков, ал эми үн режиссеру Калыбек Шерниязов болуп саналат. 🌍 Oberhausen эл аралык кинофестивалы быйыл 71-жолу өткөрүлүп, 29-апрелден 4-майга чейин уланды. Бул форум дүйнөдөгү эң эски жана эң ири кыска метраждуу кинофестивалдардын бири болуп саналат. 🎥 Быйылкы фестивалда 42 өлкөдөн 124 фильм катышып, жалпы байге фонду 40 миң еврону түздү. 🥳 “Жайлоого