Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Согуш ардагерлерине ыраазычылык билдирилип, иш-чара аскердик парад жана патриоттук концерт менен жыйынтыкталды. 🎉 Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. 🌹 Иш-чара «Түбөлүк от» мемориалына гүл коюу менен башталып, Улуу Жеңиш үчүн жанын берген ата-бабаларыбызды эскерүүгө арналды. 👥 Борбордук аянтта өткөн майрамдык иш-чарага Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары – Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгынын командири, полковник Алмазбек Карасартов, Оштогу Россиянын башкы консулу Андрей Бибишев, ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери, ардагерлер, аскер кызматкерлери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. 👏 Курбанбек Айтибаев облус башчысы Элчибек Жантаевдин майрамдык ку
Ошто Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
9 мая 20259 мая 2025
1 мин