Баткенде Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар өттү. Согуш ардагерлери катышкан иш-чарада гүлчамбарлар коюлуп, Куран окулду. "Өлбөс полк" жүрүшү жана концерттик программа уюштурулду. 🎉 Баткен шаарында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленди. 🌺 Салтанаттуу иш-чаралар Баткен шаарындагы Түбөлүк отко гүлчамбар коюу менен башталды. 👥 Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана согуш ардагерлери менен бирге согушта курман болгондордун урматына куран окулуп, эскерүү зыйнаты өткөрүлдү. 🚶♂️ “Өлбөс полк” жөө жүрүшү шаардын көчөлөрү аркылуу борбордук стадионго чейин уланды. 📢 Борбордук стадиондо расмий бөлүк улантылып, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов куттуктоо сөзүн айтты. 🎭 Апаз Жайнаков атындагы облустук драмалык театрдын артисттери тарабынан даярдалган театрлаштырылган көргөзмө жана жергиликтүү таланттардын концерттик программасы менен коштолду. 📜 Баткен облусунан фронтко 21 500 жоокер кеткен, алардын 14 000и согуштан кайтып келген э