Ош шаарынын Толойкон айылында 60 орундуу заманбап эки кабаттуу «Аалам-Нуру» бала бакчасы ачылды. Бакча республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, толук жабдылган. 🎉 Ош шаарынын Толойкон айылында №88 «Аалам-Нуру» аттуу балдар бакчасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. 🏛️ Эки кабаттуу заманбап балдар бакчасы 60 орунга ылайыкталган. 👷♂️ Объекттин курулушу 2021-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. 🔧 Бүгүнкү күндө бардык ички жана сырткы жасалгалоо иштери аяктап, имарат балдардын ыңгайлуу болушу үчүн зарыл болгон жабдуулар менен толук камсыздалган. 🌟 Мэр Жеңишбек Токторбаев өз сөзүндө ар бир бала көз карандысыз мамлекеттин үмүтү, келечеги жана таянычы экенин баса белгиледи.